Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Сегиз айда жол кырсыгынан 379 адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстанда жол кырсыгынан 379 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ички иштер министри (ИИМ) Улан Ниязбеков өкмөттө жол коопсуздугуна байланыштуу жыйында билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда маалымдады.

Министрдин айтымында, жалпысынан бул убакыт аралыгында өлкөдө 4284 жол кырсыгы катталып, 6651 адам жараат алды. Былтыр январдан августка чейинки мезгилде 552 адам каза болуп, дагы 7215 адам жараат алган.

Жыйында жол кырсыктарын азайтуу маселеси талкууланып, тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

ИИМдин маалыматына караганда, жол кырсыктарынын түрлөрү боюнча биринчи орунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү, машиналардын кагылышуусу, оодарылып кетүүсү кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG