9-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 16…21;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн - 3...-8, күндүз -1...+4.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 19…21 градус болот.