Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Украина Медведев баштаган орус аткаминерлерине издөө жарыялады


Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевге издөө жарыялады. Ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине шек келтирүү беренесинин алкагында изделип жатат.

Украинанын Ички иштер министрлигинин базасында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган саясатчынын үстүнөн сотко чейинки иликтөө жүрүп жатканын маалымдалат.

Бул берене боюнча жогорку жаза - мүлкүн конфискация кылуу менен 10 жылга чейин камакка алуу.

Медведев украин тараптын чечимдерин азырынча комментарийлей элек.

Украина мындан сырткары Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захаровага, Мамлекеттик думасынын депутаттарына жана укук коргоо органдарынын башчыларына да издөө жарыялады.

Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин буга байланыштуу Украинага каршы кылмыш ишин козгоо тапшырмасын берди.

Дмитрий Медведев 2008-2012-жылдары Орусияда президент болгон. 2012-жылдан 2020-жылга чейин премьер-министр болуп иштеп, 2020-жылдан бери Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аткарып келатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG