Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Астанада Борбор Азиянын санариптик соода форуму өтүүдө


Астана шаары.
Астана шаары.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жана Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү бүгүн 12-октябрда Казакстандын борбор шаары Астанда Борбор Азиянын соода форумуна катышып жатышат.

Форумду уюштурган АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча USAID агенттиги билдиргендей, быйыл 12-жыл уюштурулуп жаткан иш-чара “Бажы кызматтарын санариптештирүү: кагазсыз соода-сатык жолунда” деген тема менен өтүүдө.

Эки күн аралыгында аймактагы өлкөлөрдүн соода-сатыгындагы санариптик кызматташтык маселелери, өнүгүү жолдору талкууланат.

Форумга Борбор Азиядан тышкары Азербайжан, Грузия, Түштүк Корея, Латвия жана Кошмо Штаттар өлкөлөрүнөн 200дөй адам катышып жатат.

Адистердин айтымында, аймактын ичиндеги соода жүгүртүү соңку беш жылда эки эсе көбөйүп, тышкы соода да динамикалуу түрдө жайылууда. Беш жыл ичинде Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ички соода-сатыгынын көлөмү 54% көбөйүп, азыр 167 миллион доллар түзүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG