Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:55

Мэрия Баткенде курман болгон аскердин атын көчөгө берүүгө макул болгон жок


Чек арада окко учкан Эламан Ураимов. Сентябрь, 2022. Сүрөт соцтармактан алынды.
Чек арада окко учкан Эламан Ураимов. Сентябрь, 2022. Сүрөт соцтармактан алынды.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон аскер Эламан Ураимовдун атын Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүнө берүү сунушун Бишкек мэриясы четке какты.

Бул тууралуу демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграм баракчасына жазды.

"Тажикстандын элчилиги жайгашкан Кара-Дарыя көчөсүнө Эламан Ураимовдун атын берүүгө мэрия макул болбой жатат", - деди Бекешев.

Депутат вице-мэр Виктория Мозгачеванын колу коюлган каттын да сүрөтүн жарыялады.

Бишкек мэриясынын расмий жообу. Сүрөт депутаттын Телеграм-каналынан алынды. Октябрь 12, 2022
Бишкек мэриясынын расмий жообу. Сүрөт депутаттын Телеграм-каналынан алынды. Октябрь 12, 2022


Катта борбор калаадагы көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө мораторий жарыяланганы, экинчиден белгилүү жоболорго ылайык, көчөгө маркумдун аты анын өлүмүнөн беш жыл өткөндөн кийин гана берилери жазылган.

14-17-сентябрда Баткендеги куралдуу кагылышта курман болгон аскерлердин ысымын көчөлөргө берүү демилгесин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп чыгышкан.

Эламан Ураимов (1994 - 2022) Бишкектеги генерал-майор Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүрүп, кийин Аскер институтун аяктаган. Эки жыл Жалал-Абад облусундагы "Скорпион" полкунда кызмат кылып, 2017-жылы Баткен облусундагы "Бужум" чек ара бекетине которулган. Батальондун командири болгон. Артында эки баласы калды.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да Бишкекке ушундай айып койгон.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркка чукулу аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакын.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG