Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Парламентте Акылбек Жапаров катышкан "өкмөттүк саат" өтөт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

20-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен “өкмөттүк саат” жыйыны өтөрүн бүгүн 12-октябрда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди:

“Буюрса кийинки жуманын бейшемби күнү эртең мененден кечке чейин ушул жерде толук бир күн “өкмөттүк күн” өткөрүүнү сүйлөштүк. Ошол жерде бюджет, Баткен, Кумтөр, кышка даярдык, ушул суроолордун тегерегинде Министрлер кабинети менен чогуу жыйын курабыз”.

Бүгүнкү отурумда бир топ депутат өкмөт башчынын парламентке барышын талап кылышкан болчу. Алар негизги азыктардын баасы жогору болуп, Баткенде калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканы, Кумтөр алтын кенинен түшкөн акчанын эсеби боюнча маселе көтөрүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG