Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Депутат Акаев эркин медиаларды каралоого жол берилбеши керектигин айтты


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин бүгүнкү 13-октябрдагы жыйынында сөз эркиндигине жаралып жаткан коркунуч тууралуу маселе көтөрдү. Ал Кыргызстанда, Баш мыйзамга ылайык, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керектигин жана анын толук кепилдиги бар экенин белгиледи. Акыркы күндөрү айрым депутаттар жана коомдук ишмерлер “Азаттык медиа”, “Кактус”, “Клооп” жана башка эркин медиаларды каралап, аларга бут тосуу болуп жатканын айткан депутат мындай демилгелерге жол берилбеши керектигин кошумчалады.

“Ар ким өзүнүн ишин кылышы керек. Кайсы бир медиа мекеме каякка кеңсе ачат, канча адамды ишке алат, эмне, ушул жерде отурган депутаттар чечеби? Ошого чейин, штаттык санына чейин кийлигишебизби “Жабылышы керек, андай кылышы керек” деп? Ошончолук төмөн деңгээлге түшпөшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн жумушу бар. Депутат мыйзам чыгарат. Буга чейин далай бийликти көргөнбүз. Төрт президент. “Азаттыкты”, ушундай эркин медиаларды каралайбыз дегендер азыр каякта? Бирөө да жок. Качкандары чет өлкөлөрдө качып жүрүшөт. Бийлик убактылуу. Ушул жерде эркин медиаларды, журналисттерди, блогерлерди каралагандардын баары кызматтан кеткенден кийин ошолордун босогосунда сагалап турганын көргөм далай жолу “Мени угуп койгулачы, мени каралап жатышат” деп. “Азаттыкта” да, “Кактуста” да жана ошого окшогон эркин медиалардын баарында кыргыздын ак ниет, чынчыл, адилеттүү уул-кыздары иштейт”.

12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана “Кактус” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.

13-октябрда Бишкекте, “Азаттык медианын” кеңсесинин алдына 30дай киши чыгып, анын жабылышын талап кылды. Өзүн блогер, активист деп тааныштырган адамдар чогулган акцияда “Азаттыктын” жабылышы үчүн кол топтоло башталары маалымдалды жана күч колдонууга чакырыктар айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG