Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Президент Жапаров КМШ Мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышууда


Президент Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумунда. Астана. 14-октябрь, 2022
Президент Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумунда. Астана. 14-октябрь, 2022

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Иш-чара Астана шаарындагы Конгресс-борбордо өтүп жатат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына киришти.

Маалыматка ылайык, КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында Шериктештик алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтер каралып, кабыл алынат.

Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылууну Кыргызстанга өткөрүү жана кийинки саммитти Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынышы күтүлүүдө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG