Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

“ПолитКлиника”: Оштогу Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат депутат Нарматовага таандык


Орусиянын Оштогу консулдугу.
Орусиянын Оштогу консулдугу.

Ош шаарындагы Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага таандык экенин 14-октябрда “ПолитКлиника” медиасы жазып чыкты.

“Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу К.Бобулов 77 дарегинде жайгашкан. Бул консулдуктун расмий сайтында дагы көрсөтүлгөн”, - деп билдирди басылма.

Иликтөөчү журналисттер Орусиянын дипломатиялык консулдугу имаратты 2009-жылдан бери ижарага аларын аныкташкан. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин маалымат базасынан алынган расмий документтердин сүрөтү кошо жарыяланды.

Депутат Нарматова өзү бул имаратка азыр тиешеси жок экенин айтууда.

“2009-жылы мен кредитке алган имарат. 13 жылдан бери насыя төлөп жүрүп, төлөй албай, өткөн жылы банкка өтүп кеткен. Менде эмес ал имарат”, - деп билдирди ал "Азаттыкка".

2021-жылы Нарматова парламентке "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайланган. Ал Жогорку Кеңештин 2010-жылдагы бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. Эл өкүлү быйыл февралда “Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзамды кабыл алууну сунуштаганы белгилүү. Бул мыйзам долбоорун ал 2014-жылы Турсунбай Бакир уулу жана жана Нуркамил Мадалиев менен бирге демилгелеген.

Соңку күндөрү Нарматова Кыргызстандагы жемкорлук, коррупцияга аралашкан аткаминерлер тууралуу жазган көз каранды эмес алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттары – “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус Медиа” басылмаларын жабууга кол топтоп жатканы тууралуу маалымат тарап жатат. Депутат өзү муну четке каккан. (BTo/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG