Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча курултай өтүп жатат


Кемпир-Абад боюнча курултай. 15-октябрь, 2022 Өзгөн.
Кемпир-Абад боюнча курултай. 15-октябрь, 2022 Өзгөн.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай башталды.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын айтымында, сөз алып сүйлөгөндөр Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы экенин айтып жатышат.

Курултайга катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Аймен Касенов, Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Мамбетжунус Абылов, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Тилекмат Куренов, Атай Бейшенбек, Айбек Мырза, Канат Хасанов, Канышай Мамыркулова, Рита Карасартова барышкан.

Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ошол жерде жүрөт.

Айрым басылмалар курултайды түз алып көрсөтүүдө.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган.

Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG