Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Орусия Украинанын шаарларына сокку урууну улантууда


Орус армиясынын соккусунан өрттөнүп жаткан автоунаалар. 10-октябрь, 2022-жыл.
Орус армиясынын соккусунан өрттөнүп жаткан автоунаалар. 10-октябрь, 2022-жыл.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, 16-октябрда орус армиясы жалпысынан 30дай шаар-кыштакты абадан аткылоону улантты.

Ал арада Донецк жана Луганск облустарында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын украин президенти Владимир Зеленский 16-октябрга караган түнү билдирди.

"Кырдаал оор. Баарынан да Бахмут багытында кырчылдашкан салгылашуулар жүрүп жатат. Мурдагыдай эле позицияларыбызды кармап турабыз",- деди ал.

Маалыматка караганда, орус күчтөрү Бахмут жана Авдеевка шаарларын танк, миномет жана реактивдүү артиллерия менен аткылоодо. Ушул тапта Авдеевканын жанындагы Опытное кыштагы үчүн күрөш жүрүп жатат.

Буга чейин украин күчтөрү соңку бир айда 600дөй калктуу конушту орус армиясынан тазалаганын билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG