Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Тегеран Ирандагы толкундоолорго байланыштуу Байденди сындады


Иранда каршылык акцияга чыккан студенттер.
Иранда каршылык акцияга чыккан студенттер.

Тегеран АКШнын президенти Жо Байденди Ирандагы каршылык акцияларына чыккандарды колдоп сүйлөгөнү үчүн сынга алды.

15-октябрда Орегон штатында сүйлөгөн сөзүндө Жо Байден Ирандагы көчөлөргө чыккан адамдардын эрктүүлүгүнө таң бергенин айткан. Тегеран муну Ирандын ички ишине кийлигишүү катары баалады.

«Байден башаламандыктарды колдоо менен Ирандын мамлекеттик ишине кийлигишти. Соңку күндөрү АКШнын администрациясы Иранда ар кандай шылтоолор менен тополоң тутандырганга аябай аракет кылды»,-деп билдирди Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канаани.

Иранда адеп-ахлак полициясы хижабсыз жүргөнү үчүн 13-сентябрда кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини үч күндөн кийин каза болгон. Полиция анын жүрөгү кармап көз жумганын билдирген. Жакындары анын жүрөгү эч качан оорубаганын айтып чыккан. Күбөлөр кызды полиция кармоо учурунда катуу сабаганын билдиришкен.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарында тутанып, полиция акциянын катышуучуларын күч менен таркатууга аракет кылган. Эл аралык уюмдардын билдирүүсүнө караганда, тополоңду күч менен басууда 200дөн ашуун киши каза болгон. Алардын 23ү балдар.

Тестиерлер полициянын огунан жана ур-токмогунан жан таслим болушкан.

Иран бийлигинин мындай кадамдарын эл аралык коомчулук кескин айыптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG