Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:17

Мыйзам долбоорлорунун баарынын түп нускасын кыргыз тилинде даярдоо талабы коюлду


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керек. Мындай талап бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өткөргөн парламенттик аппараттын бөлүм башчыларынын жыйынында коюлганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жыйынга парламенттин тармактык комитеттеринин бөлүмдөрүнүн жана парламенттик фракциялардын катчылыктарынын да жетекчилери катышты.

Нурланбек Шакиев мыйзам долбоорлорунун түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербөө негизги милдет болушу шарт экенин белгиледи.

Ошондой эле ал документ жүгүртүүнүн баарын электрондоштуруунун, бюрократияны жоюунун маанилүүлүгүн айтып, Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн, “Парламент” радиосунун ишин кайрадан күчтөндүрүү керектигин да айтты.

5-октябрда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов өз каалоосу менен кетип жатканын жарыялаган.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG