Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Беларус Орусия менен кошмо аскердик машыгууларды өткөрөт


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларустун коргоо министринин жардамчысы Валерий Ревенко өлкө Орусия менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөрөрүн билдирди. Машыгууларга жакында түзүлгөн орус-беларус аскерлер тобу катышат.

Беларустун чыгыш жана борбордук аймактарында өтө турган машыгуулар артиллериялык жана абадан коргонуунун тактикасын үйрөнүүгө, ошондой эле түз ок атуу жана башкарылуучу зениттик ракеталарды учуруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Ревенко ошондой эле Беларус "чабуулду болтурбоо же ички куралдуу кагылышууну нейтралдаштыруу үчүн" стратегиялык чектөө чараларын колдонуу укугун өзүнө калтырарын айтты.

10-октябрда Кремль менен Минск "Биримдиктин батыш чек араларындагы чыңалууга байланыштуу" биргелешкен аскерлердин тобун Беларустун аймагына жайгаштырууну макулдашканы кабарланган. Маалыматка ылайык, Орусиядан Беларуска 170тей танк, 200гө чейин согуштук техника, 100гө чейин замбирек жана миномет, ошондой эле кеминде 9 миң аскер кызматкери жөнөтүлөт.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко өлкөнүн армиясы Украинанын аймагындагы салгылашууларга катышпай турганын бир нече жолу билдирген. Бирок Орусия Украинага сокку уруу үчүн Беларустун транспорттук-логистикалык системасын жана аба мейкиндигин пайдаланып келет.

Украинанын атайын кызматынын ырасташынча, Владимир Путин Беларусту Украина менен согушка түз кошулууга үндөп келүүдө.

XS
SM
MD
LG