Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Зеленский Орусия учкучсуз учактар үчүн Тегеранга баш ийгенин айтты


"Шахид" (камикадзе) деп аталган учкучсуз дрон. Киев. Октябрь, 2022-жыл.
"Шахид" (камикадзе) деп аталган учкучсуз дрон. Киев. Октябрь, 2022-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын Иран чыгарган учкучсуз учактарды колдонуп жатканы - өлкөнүн аскердик жана саясий жактан "банкрот" болгонунун белгиси деп эсептейт.

Ал Орусия көптөгөн жылдар бою аскердик-өнөр жай комплексине миллиарддаган доллар сарптаганын айтып, “акыры алар жөнөкөй учкучсуз учактарды жана ракеталарды алуу үчүн Тегеранга баш ийди”, - деди.

Владимир Зеленский 18-октябрдагы кайрылуусунда бул Орусияга жардам бербей турганын айтты.

"Бул Орусия жеңилүүгө баратканын жана башкаларды өзүнө шериктеш кылууга аракеттенип жатканын далилдейт", - деди ал.

Иран Орусияга учкучсуз учактарды бергенин четке кагып, Украинада "Шахид" деп аталган учкучсуз учактары колдонулуп жатканы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Бирок британ чалгын кызматы 18-октябрда таңга маал Орусиянын пилотсуз учактары Иранда жасалганын аныктады. АКШнын Мамлекеттик департаменти 17-октябрда Киевге кол салууда Ирандын учкучсуз учактары колдонулганын маалымдады.

Москва өткөн аптада аба чабуулдарынын толкунун баштап, Киев баштаган ондогон шаарлардагы эл жашаган конуштарга сокку урду. Зеленский 18-октябрда таңга жуук Твиттердеги баракчасына Орусиянын аба соккулары Украинанын электр станцияларынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн талкалаганын жазды.

Бир жумадан бери орус аскерлери Украинанын энергетикалык объектилерине чабуул коюуда. Эң ири чабуул 10-октябрда болгон. Анда орус армиясы Украинанын ири шаарларына жана дээрлик бардык облустарынын борборлоруна кеминде жүздөн ашык ракеталык жана учкучсуз учактардан сокку урган.

Соккулар 8-октябрда Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийин күчөгөн. Орусиянын президенти Владимир Путин бул жардырууну террордук акт деп атап, буга Украинаны айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG