Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Аба ырайы: Тоолорго кар жаайт


20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14...19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG