Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу залы ачылды


Бишкекте ачылган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыгуу залы. 19-октябрь, 2022-ж.
Бишкекте ачылган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыгуу залы. 19-октябрь, 2022-ж.

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда үчүн машыгуу залы ачылды. Үч кабаттан турган комплексте үч күрөш килеми бар жана 30 кыз бир учурда машыга алат. Жаңы имаратта 35 адамга ылайыкташкан жатакана, машыгууга керектүү шаймандар жана 3-4 орундуу конок бөлмөлөрү, тамактануучу, жуунуучу жайлар да каралган.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаевдин маалыматына караганда, спорт комплексти курууга 98,7 миллион сом сарпталган.

Комплекстин ачылыш аземине президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова, дүйнө чемпиону жана Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызы баштаган бир катар белгилүү спортчулар, спорт адистери катышты.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү буга чейин жеке машыгуу залдарында эркектер менен бирге машыгып, аларга өзүнчө машыгуу залын куруу зарылдыгын спорт адистери, машыктыруучулар айтып келишкен. Былтыр Токио Олимпиадасынан кийин Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алып, андан соң дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу, Мээрим Жуманазарова алгачкы жолу дүйнө чемпиону болуп, Айпери Медет кызы коло байге алгандан кийин мындай демилге коомчулукта дагы көтөрүлүп, 2021-жылдын 23-октябрында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети Бишкекте кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкесин бөлүп, курулушу башталган. (GT/ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG