Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Жоокердин өлүмүнө шектелген аскер кызматкери үй камагына чыгарылды


Сыргак Сабырбеков.
Сыргак Сабырбеков.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы жоокер Сыргак Сабырбековдун өлүмүнө шектелип кармалган Аскер институтунун кароол жетекчисин үй камагына чыгарды. Cоттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, судья Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

"Учурда аталган кылмыш иши сотко өттү, бирок териштирүү баштала элек", - деп билдирди Биринчи май райондук сотунан.

19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгон. Бир тууганы "Азаттыкка" ок анын чекесине тийгенин билдирген. Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган. Коргоо министрлиги ал 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде каза тапкан деген маалымат тараткан.

Жоокердин өлүмүнө шектелип аталган аскер бөлүгүндөгү кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынган. Башкы прокуратуранын “Азаттыкка” маалымдашынча, Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”), 394-беренеси (“Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, окуя иликтеп жатканын, бардык жагдайлар териштирилгенден кийин маалымат берилерин айткан. 19-август күнү кечинде президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бекболотовго катуу сөгүш берилген.

Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулуктарды иликтеп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG