Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

ЖККУнун Тажикстандагы машыгуусу Кыргызстансыз өтүүдө


ЖККУ өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары.
ЖККУ өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бул күндөрү Тажикстанга өтүп жаткан аскердик машыгууларына уюмдун мүчөсү Кыргызстан катышкан жок. Бул тууралуу 20-октябрда “Азаттык” радиосуна уюмдун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов билдирди:

“Кыргызстандын Коргоо министрлиги машыгууга катыша албай турганын расмий түрдө билдирген. Бул машыгууга кыргыз тарап катышкан жок. Бирок Кыргызстан ЖККУнун эң активдүү катышуучуларынын бири экенин, жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо боюнча бардык иш-чараларга дайыма катышып турарын өзгөчө белгилей кетким келет”.

ЖККУнун “Чек-2022” деген аталыштагы машыгуулары 10-21-октябрь күндөрү Тажикстанда, Харбмайдон полигонунда өтүүдө. Ага 1 миңдей адам, 300дөн ашуун техника, учактар, тик учактар жана учкучсуз учактар катышып, “мыйзамсыз куралчан топторго каршы күрөшүү ыкмалары" иштелип чыгууда.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Быйыл сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин аскердик агрессияга айыптап жатат.

9-октябрда Кыргызстан уюмдун Балыкчыдагы полигондо 10-14-октябрда өтө турган кезектеги “Бузулбас боордоштук” аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан.

7-октябрда Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ереванда уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жыйынында “Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды” деп айтканын ТИМдин басма сөз кызматы билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG