Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Баткенде курман болгондордун жакындарына 1 млн. сомдон берилет


Баткен каргашадан кийин.
Баткен каргашадан кийин.

Баткендеги соңку каргашада каза болгон жарандардын ар биринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон, жараат алгандарга 100-200 миң сомдон берилет. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланды. Анда аскер жана укук коргоо органдарына дагы материалдык жардам көрсөтүлөрү айтылат. Бирок, кимдерге жана өлчөмү айтылган эмес.

Буга чейин 20-октябрда президент Садыр Жапаров чек ара маселесине байланыштуу өткөргөн жабык жыйында Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1,2 миллион сом кенемте төлөнөрүн жана батир берилерин билдирген. Жапаров жараат алган аскер кызматкерлерине 100-200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин айткан.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кырктан ашууну аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун, 200дөйү жараат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, каза тапты делген 81 кишинин тизмесин жарыялады, тажик тарапта да талкаланган турак жайлар бар экенин жазды. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG