Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:46

Британиянын башкаруучу партиясы Риши Сунакты премьерликке тандады


Риши Сунак
Риши Сунак

Улуу Британиянын башкаруучу Консервативдик партиясы экс-финансы министри Риши Сунакты өзүнүн лидери кылып шайлады. Бул ал жакын арада премьер-министр болуп шайланат дегенди түшүндүрөт.

Сунакты консерватор депутаттардын көпчүлүгү колдоду. Анын атаандашы, парламенттин төмөнкү палатасы – Жамааттык палатанын лидери Пенни Мордонт жарыштан чыгарын жар салды. Мурдараак экс-премьер-министр Борис Жонсон да шайлоого катышпай турганын жарыялаган.

Консерваторлордун жетекчилиги маалыматты ырастап, бир эле талапкерди алып чыга турганын кабарлады. Иш жүзүндө ал автоматтык түрдө премьер болуп калат. Падыша Чарльз III өкмөт башчыны келерки аптада дайындайт деп күтүлүүдө.

42 жаштагы Риши Сунак Улуу Британиянын теги түштүказиялык биринчи премьер-министри болуп калат. Анын ата-энеси медицина жана фармацевтика тармагында иштеген индиялыктар, 1960-жылдары Чыгыш Африкадан Британияга көчүп келишкен. Сунай алдыңкы менчик мектепте билим алып, кийин Оксфорддо жана Стенфорддо окуган. Ал жакта жүрүп индиялык миллиардердин кызы Акшата Муртиге баш кошкон. Университеттен кийин Сунак Goldman Sachs инвестициялык банкында эмгектенген. Учурда жубайлар бай британдыктардын рейтингинде 222 орунда турат.

Риши Сунак Жамааттык палатага алгач 2015-жылы шайланып, кийин 2017-жылы жана 2019-жылып да эки жолу шайланган. 2016-жылы Сунак Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна – Брекзитке добуш берген. 2019-жылы Борис Жонсонду премьерликке колдоп чыккан.

Жонсон жеңгенден кийин Сунак казыналыктын башкы катчысы болуп, 2020-жылы финансы министрлигин жетектеген. 2022-жылдын июль айында ал премьердин экономикалык саясатына макул болбой, кызматтан кеткен. Сунакты сынга алгандар анын кызматтан кетиши Жонсондун өкмөтүнүн кулашына себепчи болду деп келатышат.

Борис Жонсон быйыл жайда өз партиясындагы кесиптештеринин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун жоготуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки жарышта Риши Сунак менен мурдагы тышкы иштер министри Лиз Трасс эң негизги атаандаш болуп, Трасс утуп чыккан.

20-октябрда Лиз Трасс Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кеткенин жарыялады. Өкмөт башчылыктан 45 күндөн кийин бошогон Трасс өлкө тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG