Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

"Биргеликте" кыймылы камоолор боюнча эл аралык коомчулукка кайрылды


Бишкекте кармоолорго каршы уюштурулган жүрүш. 24-октябрь, 2022-жыл.
Бишкекте кармоолорго каршы уюштурулган жүрүш. 24-октябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандагы жапырт кармоолорго байланыштуу "Биргеликте" кыймылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ), Евробиримдикке жана бир катар демократиялык мамлекеттердин элчиликтерине кайрылды.

Отузга жакын уюмдун башын бириктирген кыймылдын кайрылуусунда өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерде жана саясий темаларда пикирин ачык билдирип келген жарандык коом жана активисттер кысымга кабылып, коркутууга дуушар болуп жатканы белгиленген.

Кыймыл Кемпир-Абад суу сактыгычынын жерин коргоо комитетинин мүчөлөрүн жана бул жаатта эркин пикирин айткан жарандардын жапырт кармалышына тынчсыздануусун билдирген. Кайрылуу тууралуу аталган кыймылдын мүчөлөрү 25-октябрда "Азаттыкка" кабарлашты.

Кыймыл эл аралык коомчулукту Кыргызстанда жарандык коомго жасалып жаткан мамилеге пикирин билдирип, бийликти басым-кысымды токтотууга, өлкөдөгү биримдикти сактоо үчүн коомдук диалог түзүүгө чакырууну суранууда.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)билдиргендей, аларга Кылмыш жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Садыр Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG