Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусия согуш баштагандан бери Арктиканы изилдөө долбоорлору токтоп калды


Арктика
Арктика

Орусия Украинага басып киргенден кийин Арктиканы орус илимпоздору менен биргелешип изилдөө долбоорлору токтоп калды. Быйыл мартта Москванын агрессиясына жооп иретинде Арктика кеңешине кирген бардык өлкөлөр – АКШ, Канада, Норвегия, Дания, Швеция, Финляндия жана Исландия Орусия менен кызматташуудан баш тарткан.

Арктика кеңешинин платформасында климат, өнүгүү, балык улоо, экология, илимий кызматташуу, чукул кырдаалдар же кырсыктар шартында чара көрүү пландары талкууланып келген. Июнда кеңештин мүчөлөрү ишин Орусиясыз улантышарын билдиришкен.

Маалыматка караганда, Арктиканын Орусияга таандык бөлүгүндө жүздөгөн долбоорлор менен экспедициялар токтоп турат. Анда өрткө, аба ырайына, жаратылыштын өзгөрүүсүнө байкоо салуу иштери да жүргүзүлүшү керек болчу.

Окумуштуулар мунун бардыгы айлана-чөйрөгө олуттуу кесепетин тийгизет деп тынчсызданышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG