Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Днепр шаарында орус ракетасынын соккусунан кош бойлуу аял каза тапты


Днепр шаары соккудан кийин. Украина, 25-октябрь 2022-жыл
Днепр шаары соккудан кийин. Украина, 25-октябрь 2022-жыл

Украинанын Днепропетровск облусунун администрациясынын башчысы Валентин Резниченко 26-октябрга караган түнү Никополь району аткыланганын билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркагандар жок, электр зымдары үзүлүп, 600 үй чарба жарыксыз калды. Орус армиясы октябрдын башынан бери Украинанын энергетикалык инфраструктурасына жапырт сокку урууда. Шейшембиде украин президенти Владимир Зеленский энергетикалык сектордун 30 проценттен ашыгына зыян келтирилгенин билдирген. Баш калаа Киев жана башка шаарларда электр жарыгы үзүл-кесил берилүүдө.

Шейшембинин кечинде Днепр шаары аткыланганда ракетанын сыныктары май куюучу жайга түшүп, өрт тутанып эки киши каза тапкан, үчөө жараат алды. Мерт болгондордун бири кош бойлуу аял болчу.

“Биз эч качан кечирбейбиз. Биз сөзсүз адилет өч алабыз”, - деп жазды ал окуядан кийин Зеленский Фейсбуктагы баракчасына.

Маалыматтарга караганда, орус аскерлери Донбасстагы Бахмут жана Авдеевкага чабуул коюу аракетин көрүп, Херсон шаарын коргоого даярданууда деп кабарланды.

Ал арада украин чалгындоо кызматы Иран жакын арада Орусияга “жер-жер” классындагы ракеталарды жеткире башташы мүмкүн деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG