Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Кыргызстандан алтын руда, концентрат экспортуна убактылуу тыюу салынат


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленүүдө", - деп жазылган анда.

Маалыматка караганда, "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы, концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилип жатат.

Министрлер кабинетине убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG