Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Чеченстандын башчысы Кадыров Украинадагы согушту жихад деп атады


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Шейшембиде украиналык жана чечендердин оппозициялык Телеграм-каналдары украин куралдуу күчтөрү Херсон облусунда орус аскерлеринин штабы жайгашкан мектеп имаратына сокку урганда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго байланышы бар согуштук бөлүктүн 40 жоокери мерт кетип, кеминде 100 киши жараат алганын жазган.

Украин армиясынын Башкы штабы окуя Каиры айылында болгонун тактап, 30 чакты киши каза тапканын билдирди.

Чеченстандын оппозициялык 1ADAT кыймылынын Телеграм-каналы маалымдагандай, алар "Нефтеполк" деп аталган полициянын полкунун мүчөлөрү болчу.

Шаршембиде украин армиясынын Башкы штабы Луганск облусунун Новоивановка кыштагында орустардын ок-дары кампасы жок кылынганын, Чеченстандан келген 10дон ашуун аскер мерт кеткенин билдирди.

Чеченстандын башчысы Кадыров адегенде аудио билдирүү таратып, Украинадагы “атайын операцияны” согуш деп атоого чакырды. Анын айтымында, согуштук аракеттер орус аймагында жүрүүдө. Ал ошондой эле орус региондорун аткылоого “чабал жооп берилгенин” сындап, украин шаарларын “жер менен жексен кылууну” сунуш кылды. Ошол эле маалда чечен аскерлеринин өлүмү тууралуу сөз кылган эмес.

Көп узабай Кадыров Украинага кол салууну “шайтанга ишенгендер менен христиан-мусулмандар ортосундагы согуш” деп атады. Бул - жихад (ыйык согуш) деп айткан Кадыров “чечен командирлери коргонууну эмес, чабуулду тандашкан” деп кошумчалады. Ал ошондой эле жумурияттын 300-400 тургунун согушка салууну сунуш кылды. Бул – аймак калкынын чейреги.

Согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп беришет. Сагылашуулар шартында андай маалыматтарды текшерүү кыйын.

XS
SM
MD
LG