Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

АКШнын Мамдепартаменти “Азаттыктын” сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн айыптады


АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстандын бийлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө жабуу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды.

“АКШ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы – “Азаттык” радиосунун веб-сайтын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бөгөттөгөнүнө терең тынчсызданууда. Бул көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысымды күчөткөн өкмөттүн бир катар аракеттеринен кийин болуп жатат. Эркин басма сөз бардык иштеп жаткан демократиялар үчүн маанилүү”, – деди ал.

Нед Прайстын билдирүүсүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттердеги баракчасында бөлүштү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG