Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Украина: Орусия Херсонго миңдей аскерин жөнөттү


Орусияда мобилизация тартылгандарды жакындары согушка узатып жатышат.
Орусияда мобилизация тартылгандарды жакындары согушка узатып жатышат.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 28-октябрда билдиргендей, Москва жакында эле мобилизицияланган миңдей орусиялыкты жеке курамдагы жоготууларды толуктоо үчүн Херсонго жөнөттү.

"Орус баскынчы армиясынын башчылыгы жеке курамдагы дүрбөлөңдүн алдын алуу үчүн болушунча аскерлердин арасындагы жоготууларды жашырууга аракет кылып жатат". - деп жазылат Башкы штабдын билдирүүсүндө.

Украин күчтөрү сентябрдан бери Херсон облусун орус күчтөрүнөн тазалоону улантып келет. Соңку жумаларда контрчабуул аба ырайына байланыштуу жайлап калганы кабарланды.

Орус бийлиги Херсон облусу менен кошо Украинанын үч аймагын сентябрдын соңунда аннексиялап алганын жарыялаган. Москванын бул кадамын Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган эмес.

Орусиячыл губернатор Владимир Сальдо 27-октябрда билдиргендей, жалпысынан 70 миңдей жергиликтүү тургунду Днепрдин сол жагына көчүрдү. Карапайым тургундарга "украин армиясы Херсонго кирип келатканын, калаа аткыланарын" эскертип жатышат. Украин бийлиги муну орустардын "шоусу" катары мүнөздөп, "тескерсинче, Москва чагым уюштурушу мүмкүн" деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG