Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

31-октябрдын аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

31-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 10…15;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 12…14 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG