Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Сомалидеги жардыруу кеминде 100 кишинин өмүрүн кыйды


Сомалинин коопсуздук күчтөрү.
Сомалинин коопсуздук күчтөрү.

29-октябрда Сомалинин борбору Могадишодо эки күчтүү жардыруу болду. Жергиликтүү бийлик кеминде 100 адам каза таап, 300дөн ашууну жараат алганын билдирди.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каида” жана "Боко харам" террордук топтору менен байланышы бар “Аль-Шабааб” экстремисттик тобу өзүнө алып, алар мусулман эмес өлкөлөрдөн колдоо алганы үчүн Билим берүү министрлигин бутага алганын билдирди.

Эки жардыруу тең шаардын ортосунда, Билим берүү министрлигинин жанында, эл көп жүргөн көчөлөрдүн кесилишинде болгон. Алгач жардыруучу зат орнотулган унаа жарылып, окуя болгон жерге полиция жана тез жардам бригадасы келгенде экинчиси жарылган.

Сомалинин президенти Хассан Шейх Мохамуд окуяны "ырайымсыз, коркок террордук чабуул" деп атады.

2017-жылдын 14-октябрында да дал ушул кесилиште ири теракт уюштурулуп, 500дөй адамдын өмүрүн кыйган.

"Аль-Шабааб” согушкерлери Сомалинин бир катар айылдарын көзөмөлдөп турушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG