Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Кыргызстанда бир аптада 53 адам коронавируска чалдыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-30-октябрь күндөрү Кыргызстанда 53 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 39у үйүнөн дарыланууда. Бул тууралуу Cаламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдөгү бардык аймактар жашыл зонада.

Жыл башынан бери өлкөдө 21 миң 704 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинде 19 миң 697 (90,7 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,3%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта 3 миңдей адам оорудан көз жумган.

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алына турганы айтылган. Бул чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус оорусун пандемия деп жарыялаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG