Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Орусиянын ракетасы Молдованын айылына түштү


Молдованын Наславче айылы кызыл чекит менен көрсөтүлүп турат. Молдова менен Украинанын картасы.
Молдованын Наславче айылы кызыл чекит менен көрсөтүлүп турат. Молдова менен Украинанын картасы.

31-октябрда Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөн орусиялык ракета коңшу Молдованын айылына түштү. Бул тууралуу Молдованын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Талкаланган ракета Наславче кыштагына кулаган. Бир нече үйлөрдүн терезелери талкаланды, тилекке жараша жабыркагандар жок.

Наславче - Молдованын түндүгүндө, Украина менен чек ара тилкесинде жайгашкан айыл.

Бул окуядан кийин Молдованын бийлиги түндүк жактагы чек ара пункттарын “коопсуздук чараларына” байланыштуу убактылуу жапты.

Октябрдын ортолорунда да Орусиянын Украинага багытталган канаттуу үч ракетасы аба мейкиндигин бузуп өткөнүн Молдованын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, Москвадан түшүндүрмө талап кылган. Анда жабыр тарткандар тууралуу айтылган эмес.

Украинанын Киев, Харьков, Запорожье, Кривой Рог, Марганец шаарлары соңку суткада кайрадан жапырт аткылоого кабылды. 30-октябрда жана 31-октябрдын таңында бүткүл республиканын аймагында аба айгайы (воздушная тревога) жарыяланды.

Орусиянын армиясы Украинанын шаарларына жапырт соккусун Крым көпүрөсүнө сокку урулгандан кийин баштаган. Алар негизинен жайкын тургундар жашаган кварталдарга жана энергетикалык объектилерге сокку урууда. Ушул күнгө чейин Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 40% талкаланды.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG