Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Орусия аннексиялаган Крымда украин бизнестерин улутташтыруу башталды


Сергей Аксёнов
Сергей Аксёнов

Аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксёнов жарым аралдагы Киевге жан тарткан адамдардын жана компаниялардын мүлктөрүн улутташтыруу чарасы башталганын жар салды.

Мамлекеттик менчикке алына турган объектилердин тизмесин антитеррордук атайын комиссия түзүп чыккан. Анда "РусЛайн Ко", Стройиндустрия" Бакчы-Сарай комбинаты, "Залив" кеме куруучу заводу жана башкалар бар.

Аксёнов бул ишканалардын кызматкерлери өз ордунда каларын, кыскартуулар болбой турганын айтты. Ошол эле маалда ал “Киевди уккан акционерлердин атайын өкүлдөрү иштен алынарын” кошумчалады.

Крымдын жетекчилиги мындан сырткары украиналыктарды аралдагы мүлктөрүн да улутташтырууну сунуштады. Аксёнов мурдараак Украинанын президенти Владимир Зеленский, Украинанын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Кирилл Шевченко, Улуттук антикоррупциялык бюросунун директору Артём Сытник жана башкалар Крымдагы соода жана туристтик объектилерге ээлик кыларын айткан эле.

Крымдын Мамлекеттик кеңеши 18-октябрда Орусияга “дос эмес” өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү мүлктөрдүн баарын улутташтыруу тууралуу токтом кабыл алган.

Украин президенти Владимир Зеленский ага чейин Жогорку Рада Украинадагы бардык орусиялык активдерди улутташтыруу жөнүндө мыйзам кабыл алышы керектигин айткан.

Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Муну Украина жана дүйнө өлкөлөрү тааныган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG