Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Энергохолдинг Бишкекте жарыктын өчүшүнүн себебин түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук энергохолдинг ишканасы Бишкектин айрым райондорунда электр энергиясынын өчүү себебин түшүндүрдү. Мекеме тараткан маалыматка караганда, абанын температурасы кескин төмөндөгөндөн улам электр энергиясын керектөө өскөн.

Улуттук энергохолдинг электр жабдууларга күч келтирбеш үчүн авариялардын алдын алуу максатында автоматтык өчүрүүлөр болгонун билдирүүдө. Жарандардан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, электр энергиясын этияттык менен колдонууга, үйдү жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүгө чакырды.

Мунун алдында Бишкек шаарынын айрым тургундары 9-10-ноябрда электр энергиясы бир нече саатка өчкөнүн жазышкан. Алар жарык Бишкектин бир нече районунда жок болгонун белгилешкен.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Кыргызстан 2022-жылы 16,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын керектей турганын билдирген. Ал Түркмөнстандан электр жарыгын алуу боюнча келишим түзүлгөнүн, Кыргызстан 1 млрд. 800 млн. кВт/саат электр энергиясын алганын айткан.

Анын айтымында, Казакстандан да электр жарыгын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргызстан бул өлкөдөн 241 млн. кВт/саат электр энергиясын алды. Мындан тышкары 2023-жылдын биринчи кварталында 600 млн. кВт/саат электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүү болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG