Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Президент Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга учуп кетти


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына иш сапары менен учуп кетти. Расмий маалыматка караганда, мамлекет башчылары уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, ТМУнун декларациясын жана 2022-2026-жылдарга стратегиясын кабыл алышат.

Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюлуп, ТМУ менен Эл аралык Түрк академиясындагы бир катар кызматтарга дайындоо болору пландалууда.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бар.

Өзбекстандын төрагалыгы астында өтө турган жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын президенттери катышары күтүлүүдө. Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын парламентинин (Халк Маслахаты Милли Генгешинин) төрагасы уюмда байкоочу макамында катышат.

Саммитти утурлай уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлеринин жолугушуусу өттү. Анда Түрк инвестициялык фонду түзүлөрү айтылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG