Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Сот Клара Сооронкулова менен Акылбек Айтбаевди камакта калтырды


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда "Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган саясатчы Клара Сооронкулова менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Акылбек Айтбаевдин бөгөт чарасын карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин алар Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга, 20-декабрга чейин №1 убактылуу тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Мунун алдында сот алардын кармалышын дагы мыйзамдуу деп тапкан.

Буга чейин Клара Сооронкулова "сот кеңешүүгө кеткен учурда шектүүнү зот залындагы тордон алып кетпейт" дегенине карабай ондой күч кызматкеринин коштоосунда алып чыгышы укук коргоочулардын сынына кабылган. Сооронкулова "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, жапырт камалган саясатчы, активисттердин тагдыры Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келип, Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюлгандан кийин чечилиши ыктымал экенин билдирди.

Ал эми Акылбек Айтбаев ар кайсы маселеде пикирин ачык билдирип келгенин айтып, далилсиз айыпталып жатканын белгиледи. Анын жакындары соттун имаратынын алдына нааразылыкка чыгып, Айтбаевди бошотууну талап кылышты.

Акыл Айтбаев.
Акыл Айтбаев.

Мамлекеттик айыптоочу биринчи инстанциянын шектүүлөрдү камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырууну өтүндү.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчылар менен активисттердин айрымдарынын бөгөт чарасын карады. Бардыгынын буга чейинки чечимдери өзгөргөн жок.

23-октябрда "массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Алардын бөгөт чарасын кароо 11-ноябрда да уланат.

Саясатчы Азимбек Бекназаров жана ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Бир катар эл аралык уюмдар кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG