Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

Электр энергиясын убактылуу чектөөнүн себеби айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул күндөрү электр энергиясы менен камсыздоодо убактылуу чектөөлөр болуп жатканын бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди.

Ал Токтогул ГЭСинде авария болгону тууралуу фейк маалыматтар тараганын айтып, Кыргызстандын энергосистемасы кадимки тартипте иштеп жатканын, болгону аталган ГЭСтеги төрт агрегаттын бири оңдоп-түзөөдөн кийин 11-ноябрда пайдаланууга берилерин, ошого байланыштуу гана убактылуу чектөөлөр болорун белгиледи.

"Ошол агрегатты ишке киргизиш үчүн жанындагы агрегаттарды да убактылуу өчүрө туруу керек болуп жатат, жумушчулардын коопсуздугу үчүн. Агрегаттар өчүрүлгөндө электр энергиясы тартыш болот. Чектөө иштерин жүргүзүүгө туура келип жатат. Элден туура түшүнүүнү суранабыз. Бүгүн-эртең убактылуу ыңгайсыздык болуп калышы мүмкүн. №2 гидроагрегатты эртең ишке киргизип алсак, кышы менен жакшы иштеп берет".

Айдаралиевдин айтымында, чектөөлөр бир-эки күн болот жана бир сааттан ашпайт. Ошондой эле, ГЭСтеги эки агрегат жаңыланып бүтсө келечекте электр энергиясын өндүрүү көбөйөт.

Токтогул ГЭСин жаңылоо долбоору 2017-жылдан бери эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG