Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Иран күмбөзгө кол салууга шектелген тажикстандыктын сүрөтүн жарыялады


Иран Шираздагы күмбөзгө кол салууга шектелген тажикстандык 23 жаштагы Комрони Субхондун паспортунун сүрөтүн жарыялады.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы бар "Тасним" маалымат агенттиги Шах-Черах күмбөзүндөгү кол салуу жөнүндө кенен маалымат таратты.

Анда Тажикстандын жараны чабуулдун негизги аткаруучуларынын бири деп айтылат. Ошондой эле Азербайжандын жараны өлкө ичиндеги террордук уячанын аракеттеринин координатору деп мүнөздөлгөн.

Тажик тарап бул билдирүүгө эч кандай реакция жасаган жок. Комрони Субхон Иранга кантип барып калганы белгисиз.

Террордук актыны координациялаганы айтылган азербайжандык жаран Иранга Имам Хомейни аэропортунан киргени маалымдалган.

26-октябрда үч белгисиз киши Ирандагы эң ири беш ыйык жайдын бири эсептелген күмбөздө ок аткан. Расмий маалыматтар боюнча анда 15 киши өлүп, 27си жараат алган.

Ирандын Чалгын министрлиги Шах-Черах мавзолейиндеги кол салууга шектелип 26 киши кармалганын кабарлаган. Алар - Азербайжандын, Тажикстандын жана Ооганстандын жарандары.

XS
SM
MD
LG