Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Садыркуловдун өлүмү: Айыпталуучунун акыркы сөзү кийинкиге калды


Санжар Сапарбеков. Архивдик сүрөт.
Санжар Сапарбеков. Архивдик сүрөт.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып жаткан Санжар Сапарбеков бүгүн 11-ноябрдагы сот отурумунда акыркы сөзүн айтууга даяр эмес болгонуна байланыштуу сот 18-ноябрга калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Айрым маалыматтарга караганда, ал акыркы сөзүн айтууга ден соолугуна байланыштуу даярдана албай калганын билдирди.

Иш Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат. Башкы прокуратура Сапарбековду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратып, жабыркаган тарапка 5,8 миллион сом кенемте төлөтүүнү сунуш кылууда. Соттолуучу өзү жана адвокаты мындай жаза негизсиз экенин айтып жатышат.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын досторунун бири деп айтылып, 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Санжар Сапарбеков 2021-жылы ноябрда кармалган. Тергөөнүн версиясында айтылгандай, кикбоксинг боюнча чемпион Сапарбеков Садыркуловду бетине катуу муштап уруп, эсинен тандыргандан кийин муунтуп өлтүргөн. Соттун алгачкы отуруму 7-февралда өткөн. Анда Сапарбеков коюлуп жаткан айыптарды моюнуна албай турганын айткан. Ага каршы көрсөтмө берген айрым күбөлөр кийин айткандарынан баш тартып коюшкан.

Садыркулов Бакиевдин аппарат башчысы болуп иштеген. 2009-жылдын январында кызматтан кетип, март айында табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов жана саясат таануучу Сергей Слепченко менен шоопур Кубат Сулайманов отуруп бараткан “Лексус” машинасы “Ауди” менен сүзүшүп, күйүп кеткен. Бул үчүн “Аудинин” айдоочусу 12 жылга жатак абакка кесилген. Көп өтпөй, 2010-жылы Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин ал айдоочуну бычактап өлтүрүп кетишкен.

Садыркуловдун өлүмү 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайра иликтене баштаган. Экинчи тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов Курманбек Бакиевдин иниси, ошол кезде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев менен начар мамиледе болгон жана күчтүү уюштургуч экенин жакшы билген Бакиевдер анын көзүн тазалоого барган. Тагыраагы – Садыркуловду өлтүрүп, муну коомчулукка жол кырсыгы катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. 2012-жылдын ноябрында Аскер сотунун чечими менен бул үчүн беш адам 5-18 жылга эркинен ажыратылган. Алардын арасында Мамлекеттик күзөт кызматынын үч кызматкери, “кылмыштуу топтун” мүчөсү деген бир киши жана Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси болгон.

XS
SM
MD
LG