Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Болот Токтогонов самбо боюнча Дүйнө чемпиону болду


Болот Токтогонов сыйлоо аземинде. 12-ноябрь, 2022. Бишкек. “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борбору
Болот Токтогонов сыйлоо аземинде. 12-ноябрь, 2022. Бишкек. “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борбору

Кыргызстандык спортчу Болот Токтогонов Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Спорттун аталган түрү боюнча эл аралык федерациясынын маалыматына караганда, Токтогонов 12-ноябрда спорттук самбодон 98 килограммдан жогорку салмактагылар арасында финалда монголиялык Дамдинсурен Пуревдоржду жеңип, Дүйнө чемпиону болду. Бул жеңиши менен Болот Токтогонов спорттук самбодон Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды.

Бул күнү Токтогоновдон сырткары кыргызстандык спортчулар бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту. Спорттук самбодон Феликс Уланбеков күмүш (71 кг), Жамалбек Асылбек уулу (88 кг) коло байге алды. Ошондой эле күжүрмөн самбодон Саяк Бараканов (64 кг) дагы 3-орунду ээледи.

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Бишкектеги “Газпром-балдар” ден соолукту чыңдоо борборунда 11-ноябрда башталган.

Таймаштар самбонун спорттук (кыз-келиндер жана эркектер арасында) жана күжүрмөн (эркектер арасында) түрүнөн өтүп жатат. Буга чейин биринчи мелдеш күнү күжүрмөн самбодон кыргызстандык Дайырбек Карыяев 79 килограмм салмакта алтын медал тагынган. Ал спорттун аталган түрүнөн Дүйнө чемпиону болгон экинчи кыргызстандык. Буга чейин 2017-жылы Бекназар Раимкул уулу күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө чемпиону болгон.

Бүгүн, 13-ноябрда аяктай турган чемпионатка 51 өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Чемпионаттын байге фонду 231 000 АКШ долларды түзөт. 1-орунга 4000 $, 2-орунга 3000 $, 3-орунга 2000 $ акчалай сыйлык тапшырылып жатат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG