Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Зеленский согуш адилет токтоого тийиш деп билдирди


Зеленский "Чоң жыйырманын" лидерлерине видео кайрылуу жасап жатат. 15-ноябрь, 2022-жыл
Зеленский "Чоң жыйырманын" лидерлерине видео кайрылуу жасап жатат. 15-ноябрь, 2022-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Чоң жыйырманын" саммитине жасаган видео кайрылууда Орусияны согушту токтотууга, миңдеген кишинин өмүрүн бөөдө кыйбоого чакырды.

Ал урушка “адилет жана БУУнун уставынын жана эл аралык укуктун негизинде” чекит коюлууга тийиш экенине басым жасады. Зеленский башка өлкөлөрдү Киевден “ар-намысы, суверенитети, эгемендиги менен компромисске барууну талап кылбоого” үндөдү.

"Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн тастыктоого, аскерлерин украин жергесинен чыгарууга жана зыяндын ордун толтурууга тийиш. Украина коопсуздуктун жаңы жана натыйжалуу кепилдиктерине муктаж, Минск келишимдерине кайтуу каралбайт", - деп айтты президент.

Кремль Зеленскийдин жаңы Минск келишимдерин четке каккан сөздөрү Украинанын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартып жатканын айгинелейт деп билдирди.

Украин президенти кайрылуусунда дан азыктарын чыгаруу келишимин узартууга да чакырды.

"Чоң жыйырманын" саммити шейшембиде Индонезиянын Бали аралында башталды. Украинадагы согуш жана анын дүйнөлүк экономикага таасири жыйындагы негизги тема катары талкууланат.

Орусиянын президенти Владимир Путин саммитке катышкан жок. Өлкөнүн делегациясын тышкы иштер министри Сергей Лавров баштап барды.

XS
SM
MD
LG