Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Марк Милли: Киевдин жакында толук жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү аз


АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли. 16-ноябрь, 2022-жыл.
АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли. 16-ноябрь, 2022-жыл.

АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли билдиргендей, Украина жакын арада толук жеңишке жетет деген ыктымалдуулук өтө аз. Ал орус куралдуу күчтөрү такыр эле кыйрап калганда мындай болушу мүмкүн экенин, бирок андай ыктымалдуулук төмөндүгүн кошумчалады.

Генералдын билдирүүсүнө караганда, украин аскерлери Харьков менен Херсондо ийгиликке жеткени менен Орусия Украинанын аймагынын 20% көзөмөлдөп турат.

"Орустарды Украинадан сүрүп чыгаруу боюнча аскердик тапшырма өтө оор. Жакынкы жумаларда аны ишке ашыруу мүмкүн эмес", - деди Милли 16-ноябрда Пентагондо өткөн маалымат жыйында.

Анын айтымында, Орусия саясий чечим кабыл алып, аскерлерин чыгарып кетсе болот, "бирок алар мындай кадамга барбайт".

Маалымат жыйындын алдында Украинаны коргоо боюнча байланыш тобуна кирген ондогон мамлекеттердин министрлерининин онлайн жыйыны өткөн. Жетинчи ирет өткөн жолугушууга Украинанын коргоо министри Алексей Резников да катышты.

Милли Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү Украинага канча керек болсо, ошончо колдоо көрсөтүүнү уланта берерин кайталады. Ал ошондой эле АКШнын Украинадагы согушту токтотуу тууралуу позициясын дагы бир ирет билдирди. Ага ылайык, Киев Москва менен сүйлөшүүнү качан жүргүзөрүн өзү чечүүсү зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG