Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Баланы интернетте тооруган коркунучтар талкууланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдар жана өспүрүмдөр интернетте кандай коркунучтарга туш болушу ыктымал экени жана аларды коргоонун жол-жобосу кандай болушу керектиги бүгүн 18-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан “Балдардын кибер мейкиндиктеги жеке маалыматтарын коргоо” аттуу жыйында талкууланып жатат.

“Сорос Кыргызстан” фонду, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана “ProLex” коомдук фонду биргелешип уюштурган “тегерек стол” талкуусуна эл аралык эксперттер, мамлекеттик органдардын адистери жана жарандык коом өкүлдөрү катышып, балдардын интернеттеги коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышып, талкуулап жатышат.

Уюштуруучулардын айтымында, талкууда балдарды интернетте кандай коркунучтар күтүп турат, балдар аркылуу уурулук жасоонун кандай формалары бар, балдардын сүрөтүн социалдык түйүндөргө жарыялаган канчалык туура, мамлекет эмнеге көңүл бурушу зарыл, Кыргызстанда балдардын маалыматын кибермейкиндикте кантип коргосо болот деген суроолор каралып жатат.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун директору Шамил Ибрагимов өз сөзүндө Кыргызстанда фонддун жардамы менен бул багытта бир топ иш жасалып жатканын, мамлекеттин да иши чектөө эмес, балдарды окутуп, аң-сезимин өзгөртүүгө, маалыматты талдап кабыл алуусуна үйрөтүүгө арналса туура болорун айтты.

Адистердин маалыматына караганда, дүйнөдө азыркы тапта интернет колдонуучулардын үчтөн бири 18 жашка чейинки курактагылар, убакыттын ар жарым секундасы сайын дүйнөдө кайсы бир бала биринчи жолу интернетке кирип турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG