Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Өзбекстандын Сенаты кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу келишимди жактырды


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Өзбек парламенти - Олий Мажлистин Сенаты Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара боюнча келишимди жактырып, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти сенаторлор бир добуштан колдоду. Сенатта 100 сенатор бар.

Чек ара келишими тууралуу Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестициялар жана туризм боюнча комитетинин төрагасы Равшанбек Алимов баяндама жасады. Ал Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстан үчүн стратегиялык маанилүү объект экенин, чек араны тактоо келишими Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы буга чейинки талаштуу жагдайларга чекит коёрун белгиледи.

Сенат төрайымы Танзила Норбоева эки өлкө ортосундагы чек ара келишими көп жылдан бери чогулуп калган көйгөйлөрдү чече турганын айтты.

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы 14-ноябрда келишимди эч кандай талашсыз жактырган.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапты. Ага 18 депутат каршы добуш берип, 65и колдоду.

Президент Садыр Жапаров чек ара тууралуу талкуу башталгандан тарта билдирүүлөрдү жасап, суроолорго жооп берди. Өзгөндө жана Бишкекте чектелген санда эл менен жолукса, келишим кабыл алынып жатканда Жогорку Кеңешке келип сүйлөдү. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул жаатта эч кандай билдирүү жасай элек.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен 26 адам камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда да нааразылык акциялары өткөн.Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу “чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын” билдирип келет. Укук коргоочулар жана эл аралык коомчулук кармалгандарды бошотууга үндөп жатат.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Андижан суу сактагычы деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG