Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Сахалиндеги жарылууда каза болгондордун саны тогуз адамга жетти


Сахалиндеги жарылуу. 19-ноябрь, 2022-жыл.
Сахалиндеги жарылуу. 19-ноябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Сахалин облусундагы жарылуудан набыт болгондордун саны тогуз адамга жетти. Алардын төртөө балдар экени, он киши жараат алганы кабарланды. Бул тууралуу облустун губернатору Валерий Лимаренко Телеграмдагы каналына жазды.

19-ноябрда Сахалин облусунун Тымовск районундагы жарылуудан беш кабаттуу үйдүн подьезди кыйрады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, газ жарылган. "Интерфакс" агенттигине аталган министрликтен "Баштапкы маалыматтар боюнча беш кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде газ баллону жарылган", - деп билдиришкен.

Куткаруучулар урандылардын алдынан издөө иштерин улантып жатышат. Аларга жергиликтүү тургундар көмөктөшүүдө.

Сахалин облустук прокуратурасы жарылуунун себептерин иликтей баштаганы, окуя болгон жерде райондук прокурор жүргөнү кабарланды.

Тергөө комитети адам өлүмүнө алып келген жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG