Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Ысык-Көлдө эл аралык спорт комплекси курулат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында эл аралык спорт комплекси курулат.

Бул тууралуу 19-ноябрда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынында белгилүү болду. Андагы маалыматка ылайык, комплексти куруу үчүн айылдын аймагынан 72 гектардан ашык жер тилкеси өкмөт алдындагы Туризмди колдоо фондуна бөлүнүп берилет. Комплекстин курулушун 2023-жылы жазында баштоо пландалууда. Анын алдын ала наркы 20 миллион доллар деп эсептелип чыккан.

Курулуш аталган фонддун уставдык капиталы жана сырттан тартылган каражаттын эсебинен жүргүзүлөт.

Спорт комплекси көп функционалдуу болуп, анда улуттук оюндар жана башка спорттун 30дан ашык түрү менен жыл бою машыгууга шарт түзүлөт. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG