Иликтөөчү журналист Болот Темиров "жалган жалаа жапты" деген негизде президент Садыр Жапаровду жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевди сотко берерин айтты. Ал мындай видеокайрылуусун 22-ноябрда Ютубдагы Temirov Live KG каналына жарыялап, жалааны жокко чыгарууну талап кыларын билдирди.
Сөз анын аскердик билети жасалма экени жөнүндө Жапаров жана Ташиев буга чейин айткан сөздөрү тууралуу болууда. Темиров документ жасабаганын айтып келет.
Журналист бул маселе боюнча доо арызы сотко кабыл алынбаганын белгиледи. Кабыл алынмайынча арыз жолдоону улантарын кошумчалады. Бирок ал доо арыз качан, кайсыл сотко берилгенин ачык айткан жок.
2022-жылдын январында Болот Темировдун кеңсеси тинтүүгө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.
Кийин ага “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.
Ташиев буга чейин "Болот Темиров 28 жашында Орусиядан келип, бирөөнүн аскердик билетин уурдап, өзүнүн сүрөтүн жабыштырып, ошол аскердик билет менен кыргыз паспортун алган" деп айткан. Президент Жапаров да апрелде улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде Темиров тууралуу ушундай комментарий берген.
28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Ал эми документ жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген.
Прокуратура бул чечимге каршы арызданганы белгилүү болгон. Арызды кароо 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда уланат.
Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишмердигине байланыштырып, бийликтин басымы катары сыпаттап келет. Бийлик органдары бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.
Президенттин адмнистрациясы жана УКМК Темировдун акыркы билдирүүсүнө комментарий бере элек.