Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

ЕККУнун элчиси “Азаттыктын” сайты бөгөттөлгөнүнө тынчсыздануусун билдирди


Майкл Карпентер.
Майкл Карпентер.

АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ – ОБСЕ) элчиси Майкл Карпентер “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирди. Ал бул тууралуу Твиттердеги баракчасында жазды.

“Демократия эркин пикир айтуу менен өнүгөт”, - деди ал.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 26-октябрда "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.

Расмий билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, “журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети - Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айткан. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, бир катар өлкөлөр “Азаттыктын” сайтынын эки айга жана банк эсебинин бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирген.

"Азаттык" радиосу - Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги веб-сайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң кеңири таанылган маалымат ресурстарынын катарына кирет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG