Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын соту 25-ноябрга жылды


Азиза Абдирасулова сот залында. 21-ноябрь, 2022-жыл.
Азиза Абдирасулова сот залында. 21-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочу Азиза Абдирасулованын ишин кароону 25-ноябрга жылдырды. Бул тууралуу Абдирасулова “Азаттыкка” кабарлады.

“Мен прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөткөм. Сот аны канааттандырып, башка прокурор келген. Ал прокурор кичине катышып, кетип калды. Прокурор жок болгондуктан, сот жылды”, - деди ал.

21-ноябрда райондук сотто Азиза Абдирасулованын ишин кароо башталып, укук коргоочу материалдар менен таанышууга убакыт сураган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, жараян 23-ноябрда улана турган болгон.

Абдирасулова 15-ноябрда парламент имаратынын жанында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылык акциясына байкоо салуу үчүн барганда кармалып, милиция бөлүмүнөн төрт сааттан кийин чыккан. Анын менен кошо кармалган активист Сапар Аргымбаев экөөнө Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси ("Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө") менен протокол толтурулган.

Абдирасулова 14-ноябрдын кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырып, Фейсбукта жазган билдирүүлөрү үчүн эскертүү бергенин жарыялаган. Өзүнүн кармалышын укук коргоочулук ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат. Абдирасулова Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча карамлган отуздай саясатчы, жарандык активист, блогерлердин сотторуна катышып, социалдык тармактар аркылуу маалымат таратып жүрөт.

14-ноябрда парламенттин президент катышкан жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылып, бийликке сын айткан аялдарга күч кызматкерлеринин мамилесине көңүл бурууну суранган. Эл өкүлүнүн өтүнүчүнө президент Жапаров “мыйзам баарына бирдей” деп жооп кайтарган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG