Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Депутат Эмил Жамгырчиев кармалып, кайра кое берилди


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев жекшембиге оогон түнү Казакстанга чыгып баратканда чек арадагы өткөрмө бекеттен кармалып, бир нече убакыттан кийин кайра бошотулганы белгилүү болду.

Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева социалдык тармактардагы расмий баракчасы аркылуу кабарлады.

"Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков тажияга баратышкан. "Ак Жол" өткөрмө бекетинде Жамгырчиевдин сыртка чыгышына тыюу салуу бар экени билинген. Аны УКМК кармады. Биз чогулуп, аны бошотушту", - деп жазды ал 27-ноябрга караган түнү саат 01:54тө Фейсбуктагы баракчасына.

"Азаттык" Сурабалдиевага кайрылганда, ал дагы бир депутат Чыңгыз Айдарбеков чек арадан өтүп Казакстанга кеткенин, андан кийин аны менен байланыша албай жатканын айтты.

Жамгырчиев менен Айдарбековдун өзү менен байланышууга жана аларды кармады деген Улуттук коопсуздук комитетинен (УКМК) маалымат азырынча мүмкүн боло элек.

Эки эл өкүлү Кемпир-Абад суу сактагычына байланышкан мыйзам долбооруна "каршы" добуш берген 19 депутаттын катарында.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ушул аптада парламентте сүйлөгөн сөзүндө оор кылмыштарга шектелип жаткан депутаттар бар экенин билдирген, алардын ысымдарын атаган эмес. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG